Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Салык кызматы жыл башынан бери жалган ишкердик белгилери бар субъектилер боюнча 51салыктык текшерүү жүргүздү

Экономика
27 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
92
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери бар же мурда жалган ишкер деп табылган, ошондой эле ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери болжолдонгон же салыкты төлөбөй коюу тобокелдиги бар субъектилер менен өз ара экономикалык мамилеси бар субъекттерде туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.
Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрына карата абал боюнча, МСК51 салыктык текшерүү жүргүздү, алардын ичинен 39 – кайра текшерүү, 4 – көчмө текшерүү, 1 – утурлама текшерүү жана 7 – камералдык текшерүү.
Алардын жыйынтыгы боюнча салыктын суммалары кошумча эсептелди, анын ичинде жалпы суммасы 59 578,2 миң сом өлчөмүндө мурда негизсиз чегерүүгө алынган КНСтин суммасы алынып салынды. Мында 25 133,2 миң сом өлчөмүндө салыктык милдеттенмелердин бюджетке келип түшүүсү камсыздалды.
МСКнын басма сөз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу