Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Россиялык байлар АКШнын фондулук рыногунун кулашынан улам 2 млрд доллардан айрылды

Экономика
07 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
222
АКШнын фондулук рыногунун чукулунан арзандап кетиши орусиялык миллиардерди 2,1 миллиард доллардан айрыгандыгы Блумберг агенттиги жарыялаган Bloomberg Billionaires Index (BBI) рейтингинен белгилүү болду. Рейтингге дүйнөдөгү 500 миллиардер киргизилген. Бул тизмеде россиялык 27 байдын ысымдары бар. Булардын ичинен эки байдын байлыгы гана көбөйсө, калган 25иники 2,1 миллиард долларга азайган. Маселен,”Северсталдын” кожоюну Алексей Мордашов бир күндө 203,3 миллион, Лукойлдун башчысы Вагит Алекперов – 175,9 миллион, “Ренова” компаниялар тобунун негизги кожоюну Виктор Вексельберг – 169,8 миллион долларын жоготушту.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.