Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Россия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечет

Экономика
17 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
44
Россия Кыргызстандын 240 млн доллар  көлөмүндөгү мурда берилген насыялык карыздарын кечүүдө. Буга байланышкан макулдашууга карата протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясы Эл аралык иштер,  коргоо жана коопсуздук боюнча комитетте  жактырылды. Эске салсак, 2012-жылдын 20-сентябрындагы макулдашуу менен Кыргызстандын 488,9 млн доллар көлөмүндөгү карызы эсептен чыгаруу аркылуу жөнгө салынган. Ал эми 2013-жылдын 22-майында Россия 188,9 млн доллар өлчөмүндөгү карызды иш жүзүндө эсептен чыгарган. 2017-жылдын 20-июнунда КР Президенти Россияга болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө мурда берилген насыялар боюнча карыздарды жөнгө салуу тууралуу макулдашууга карата протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстандын карызын мөөнөтүнөн мурда жана бир жолу кыскартууга мүмкүндүк берип, карыздар  толугу менен жокко чыгарылат.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу