Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Россия Босния жана Герцеговинага 125 млн доллар карызды төлөп берет

Экономика
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
435
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койгон буйрукка ылайык, Россия Босния жана Герцеговина  республикасына  Югославиянын алдындагы СССРдин карызынын бир бөлүгүн - 125 млн долларды төлөп берет.
Документте Босния жана Герцеговина Россиядан алынган акча каражаттарын теңдештикте бөлүү милдеттенмесин алгандыгы: Босния жана Герцеговина Федерациясына - 58%ы, Сербия Республикасына - 29%ы, Босния жана Герцеговинанын   жалпы мамлекеттик бийлик органдарынын муктаждыктарына - 10%ы, Босния жана Герцеговинаны Брчко округуна - 3%ы берилээри белгиленген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.