Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуп жаткан жаңы корпусунун курулуш иштери ушул айдын аягында аяктайт

Экономика
09 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
34
Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Уланбек Калманбетов билдирди. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуп жаткан жаңы корпусунун ички жана тышкы дубалдарын каптоо жана чатырын жабуу боюнча иштер жүрүүдө,-деди Уланбек Калманбетов.  Анын айтымында, жылуулук катарында тыгыздыгы 120 кг/м3 болгон минераловаттык плиталар колдонулууда. Оорукананын жаңы корпусу сегиз баллдык жер титирөөгө ылайыкталган катуу темир каркастан курулуп жатат. Дубалдын тышкы бөлүгү ар кандай материалдардын бир нече катмарынан турат. Оорукана бардык курулуш жана санитардык талаптарга жооп берет.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу