Курс НБ на 18.11.2018 $69,8400 €79,2474

Патентти интернет аркылуу сатып алуу ишке ашат

Экономика
03 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
115
Мындай пилоттук долбоор Ош жана Бишкек шаарларында ишке кирди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. "Азыркы учурда патент алуу тартиби элдин бир топ убактысын алат. Салык органына барбай туруп, же ыңгайлуу мезгилде патент сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Саамалык патентти аралыктан, башкача айтканда, Салык кызматынын сайты аркылуу алууга жол ачат. Ал эми патент үчүн акыны терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн башка түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Бул салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт",- деп айтылат маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.