Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 603 долбоорду каржылады

Экономика
13 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
396
Фонд түзүлгөндөн тарта  жалпысынан 174 миллион долларлык долбоорлорду каржылап,  ишкерлерге 167 млн. доллардан ашуун насыя бөлгөн. Бул тууралуу  аталган фонддон билдиришти.  Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде өлкөнүн экономикасын модернизациялоо үчүн түзүлгөн. Ффонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Көбүнчө насыянын 20 пайызы тамак-аш өнөр жай тармагындагы бизнес-долбоорлорго бөлүнгөн. Ошондой эле 20 пайызы транспорт жана логистика, 10 пайызы курулуш секторун каржылоого берилди. Аймактарга бөлүп караганда көбүнчө Бишкекте 166, Жалал-Абадда 105 долбоор каралган. Ал эми Таласта 19, Нарында 23 долбоорго каражат бөлүндү, - делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.