Курс НБ на 22.09.2020 $79,1500 €93,3812

​Өнөр жай продукциясынын 45 пайызы Чүй облусунда өндүрүлгөн

Экономика
01 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
49
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2019-жылдын жыйынтыгын эске салуу менен маалымдады. Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын дээрлик тең жарымы, тагыраагы, 45 пайызы (жалпы көлөмү 128 миллиард 103 миллион сом) Чүй облусунда өндүрүлгөн, -делет маалыматта.  Экинчи орунда 62 миллион 280 миллион сом менен Ысык-Көл облусу, үчүнчүгө бир жыл ичинде 42 миллиард 292 миллион сомдук өнөр жай товары өндүрүлгөн Бишкек шаары жайгашты. Кийинки орундарда Жалал-Абад (28,7 миллиард сом), Ош облусу (10,3 миллиард), Ош шаары (4,7 миллиард), Баткен облусу (2,9 миллиард), Нарын облусу (2,8 миллиард) турат. Акыркы сапта жылына 1,5 миллиард сом тапкан Талас облусу орун алды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу