Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Москвага 150 доллар менен барып келүүгө шарт түзүлдү

Экономика
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
639
Москва - Бишкек авиакаттамынын баасы 69 доллар 70 цент турат. Мындай маалыматты  "Эйр Манас" компаниясы билдирди. 20-декабрда биринчи жолу эл аралык "Манас" аэропортунан "Жуковский" аэропортуна учак уча баштайт. Кыргызстан жумасына жети жолу аталган каттамды аткаруу укугуна ээ болду. Аны 189 жүргүнчү батыра ала турган  Boeing 737-800 NG учагы аткарат. Маалыматтарга караганда, учак жергиликтүү убакыт боюнча 19:30да учуп, Москвада 21:10до конушу пландаштырылууда. "Жуковский" аэропорту Москва шаарынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.