Курс НБ на 15.07.2018 $68,3282 €79,4315

MegaCom кайрадан бааланат

Экономика
29 - Март 2018
www.erkintoo.kg
75
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду уюлдук оператордун наркын аныктоого кайрадан тендер жарыялайт. Бул туурасында кечээ, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Маммүлктун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди. Буга чейин аталган соода маркасы 13,5 млрд сомго бааланган, бирок анын мөөнөтү 2-мартта аяктады.
Айтымында, жаңы жылдан бери “АКА минералз энд манинг”, ALF Consulting SA, түштүк кореялык Goldenkey Asset Investment & Management жана швейцариялык MFT Services SA сыяктуу чет өлкөлүк төрт компания “Альфа Телеком” ЖАКты сатып алуу ниетин билдиришкен.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.