Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Мамматрезервдер фондунда сатыла турган 600 тонна ун жок

Экономика
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
536
 Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирген. Буга чейин депутат Жыргалбек Турускулов картөшкө таякчасы жугуп, утилдештирүүгө кете турган унду фонд сатып жатат деп айтып чыккан.
“Учурда бизде сатыла турган ун жок. Оору жугуп калган 2,4 тонна гана ун бар. Аны малга жем катары бериш үчүн анализин күтүп жатабыз. Депутат айткан Кара-Балта комбинаты өзүнчө ишкана. Биз аны менен келишим боюнча иштешебиз. Алар бизге болгону 2 ай мурда гана ун алып келишкен, демек ага оору жугуп калышы мүмкүн эмес”,-деди Рустам Каракулов
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.