Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга жарым сааттык убакыт талап кылынат

Экономика
21 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
88
Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын  төрайымы Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингде билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.  Ипотека берүү тутумун жакшыртуу максатында компания Азербайжан өлкөсү менен тажрыйба алмашып жатат. "Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деген  Абжапарова брифинг учурунда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу