Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Мамлекеттик бажы кызматы көп иштерди аткарды

Экономика
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
637
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы  2016-жылдын 10 айында контрабандага жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча  көп иштерди жасады. Алсак, 2016-жылдын 10 айында жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 186 тартипке чакыруу жаза чарасы коюлган, мындан сырткары терс көрүнүштөр боюнча 13 кызматкер жумуштан бошотулган.
Ошондой эле,  Бажы кызматынын негизги милдеттеринин бири Кыргыз Республикасынын экономикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун коргоо, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу болуп саналат. Буга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо, тобокелдерди убагында табуу жана аларга карата тиешелүү чара көрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
2016-жылдын 10 айынын ичинде 802 укук бузуулардын бети ачылган.
Анын ичинде:
- мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан 168 кылмыш иши козголгон;
-бажы органдары тарабынан 723 административдик иш козголгон;
-бажы кызматы тарабынан бети ачылып, башка органдарга 5 кылмыш иш өткөрүлүп берилген.
-аныкталган товар жөнүндө бажы органына туура эмес маалымат берүү боюнча 13 факт аныкталган.
Мындан сырткары, төлөнгөн административдик айып пулдун көлөмү 4 189 700 сомду, административдик иштерден кийинки төлөнгөн бажы төлөмдөрү 27 453 208 сомду, товар жөнүндө бажы органына туура эмес маалымат берүү боюнча мамлекеттик бюджетке кошумча бажылык төлөмдөр 53 512 513 сомду, козголгон кылмыш иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууда төлөнгөн сумманын көлөмү 75 826 520 сомду, мамлекеттик бюджетке кошумча түшкөн сумманын жалпы көлөмү 160 981 941 сомду түздү.
Таалайбек Темиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.