Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кытай Кыргызстандын эң чоң инвестору

Экономика
10 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
34
Япония, Кытай, Сингапур, Нидерланды, Түркия жана Казакстан Бишкектин негизги инвесторлору деп билдирди бүгүн, 10-октябрда Улуттук статистика комитетинин инвестициялар боюнча бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова.
Ал эми Чүй облусуна Кытай менен Кипр мамлекеттери көбүрөөк инвестиция чегерип жатса, Ысык-Көл облусунун инвесторлору болуп Канада менен Кытай эсептелет. Жалал-Абад облусун Улуу Британия, Казакстан жана баягы эле Кытай инвестициялап жатат.
2017-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 369,5 миллион долларды түздү.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу