Курс НБ на 15.08.2018 $69,4905 €78,7084

Кытай бизге кайтарымсыз грант берет

Экономика
04 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
46
Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.  Маалыматка ылайык  Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Бээжин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) кайтарымсыз грант бермей болду. Анын 350 миллион юанына Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана  шаарчаларындагы археологиялык казуу, реставрациялоо, консервациялоо иштери үчүн 100 миллион юань сарпталат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу