Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт

Экономика
29 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
60
Быйылкы кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт, ал мурдагы бойдон кала берет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди. «Өлкөнүн отун-энергетикалык комплексин оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды», - дейт ал. Учурда электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу