Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Кыргыз-өзбек экономикалык алакаларын арттыруу учур талабы

Экономика
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
593
Жогорку Кеңеште 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алынган Эркин соода аймагы жөнүндөгү келишимге ылайык Өзбекстан менен болгон соода алакаларын арттыруу максатындагы келишимдин долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Экономика министрлиги маалымдагандай, эки коӊшу өлкө ортосундагы соода алакалардын көлөмү 2015-жылы 142 млн АКШ долларын түзсө, 2016-жылдын он бир айынын эсеби боюнча 115 млн АКШ долларын түзгөн.  Андан тышкары, түз инвестициялык байланыштардын көлөмү 2015-жылы 74 млн АКШ долларынын тегерегинде болгон. Аталган келишимди ишке ашыруу аркылуу эки өлкө ортосундагы экономикалык алакаларды арттыруу учур талабы экендиги айтылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.