Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Кыргызстанга сырттан агылган каражаттын көлөмү артууда

Экономика
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
445
 Улуттук банк Кыргызстанга сырттан которулган каражаттардын эсебин чыгарып, анын суммасы өткөн жылга салыштырмалуу бир топ көбөйгөнүн аныктады. Мисалы, 2016-жылдын январь айынан тарта октябрга чейин биздин мекендештерибиз Кыргызстанга 1 млрд. 660,2 млн. доллар которгон. Бул сумма өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 240,5 млн. долларга көп. 2015-жылдын 9 айында болсо Кыргызстанга сырттан которулган каражаттын суммасы 1 млрд. 417,9 млн. долларды түзгөн.
Улуттук банк бул каражаттардын дээрлик бөлүгү Россия жана Казакстанда иштеп жаткан мигранттар тарабынан которулганын билдирет. Мисалы, 2015-жылдын январь-октябрь айларында Россиядан которулган каражаттын суммасы 1 млрд. 366,9 млн. долларды түзсө, бул жылы аталган сумма 18 пайызга артып, Кыргызстанга 1 млрд. 615,1 млн. доллар которулган.
Кыргызстанга Россиядан которулган каражаттын көлөмү 2014-жылы кескин азайып кеткен. Ал кезде орус рублинин куну түшүп, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 рубль 90 тыйындан сатылып калган.
 
Булак: focus.kg
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.