Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Кыргызстанга мигранттар 2,4 млрд. доллар которгон

Экономика
19 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
109
Өткөн жылы чет жакта жүргөн кыргызстандык мигранттар мекенине 2 млрд. 482,2 млн. доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстанга келген каражаттын 90 пайызын Россияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Башкача айтканда Россияда жүргөн мигранттар жалпы 2 млрд. 435 млн доллар болгон. Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2016-жылы 1 млрд. 991 млн. долларга жеткен. Ал эми 2015-жылы 1 млрд. 168 млн. долларды түзгөн.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу