Курс НБ на 24.05.2019 $69,8492 €77,8085

Кыргызстанга Кытайдан тоок эти ташылууда

Экономика
08 - Май 2019
www.erkintoo.kg
49
Жыл башынан бери Кыргызстанга Кытайдан 1000 тонна тоок эти ташылып келди,ө деп билдирди бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов. Айтымында, Кыргызстанга быйыл 58 миң тонна эт ташылып келиши керек, анын басымдуу бөлүгүн тоок эти түзөт. Ал эми биздин өлкө башка мал эттерин Иранга экспорттоп жатат. Кытайга, Өзбекстанга, Кувейтке жана Россияга экспорттоого уруксат алынган. Кошумчаласак, бүгүн Жогорку Кеңеште “Малдарды идентификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйздамды үчүнчү окууда талкууланууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу