Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Кыргызстандын ири уюлдук компанияларынын бири расмий сатыкка чыгарылды

Экономика
25 - Август 2017
www.erkintoo.kg
533
Бүгүнтөн тартып, мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ишкананын    100 пайыз акцияларына арыздарды кабыл алууда. “Альфа Телеком” жабык коомдук ишканасына ээлик кылууну каалагандар 13 миллиард 500 миллион сомдон кем эмес бааны сунушташы зарыл. Документтер 25-сентябрга чейин кабыл алынат. Эске салсак, уюлдук компания буга чейин 3 ирет сатыкка чыгарылып, ага бир дагы арыз келип түшкөн эмес. Эми акциялардын баасы дээрлик 6 миллиард сомго арзандатылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.