Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары дүйнөнүн 75 мамлекетине экспорттолууда

Экономика
28 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
237

2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын азыктары жалпысынан 17 млрд 822 млн. сомду түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4 пайызга жогору. Бул тууралуу чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бажы кызматынын статистикалык маалыматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, мал чарба продукциялары 876 млн сомго экспорттолгон. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 23,8% жогору. Өсүмдүк продукцияларын экспорттоо 33,2 пайызга жогорулап, 8 млрд 579 млн сомду түздү. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын экспорттолгон продукциясынын суммасы 8 млрд 376 млн сомду түздү.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.