Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайт

Экономика
20 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
43
Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташын мунай ташуучулар болжоп жатат. Алардын айтымында, октябрда эле айрым май куюу бекеттеринде бензиндин баасы литрине 50 тыйынга чейин, ал эми автогаздыкы 1 сомго дейре көтөрүлгөн. Азыр Аи-92 майы Бишкекте 38 сом 30 тыйын, түштүктө 40 сом 20 тыйын турат. Дизелдик отундун наркы 36 сомдон 38 сомго чейин бааланууда. Учурда россиялык заводдордо баалардын көтөрүлүү ыргагы уланууда. Бул, өз кезегинде, Кыргызстан рыногуна дагы таасир тийгизбей койбойт, дешет мунай ташуучулар ассоциациясынан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу