Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

​Кыргызстанда этти кайра иштеткен ишканалардын үчөө гана стандартка туура келет

Экономика
05 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
24
 Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Бүгүн депутаттар "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал биринчи окууга киргизилет. Депутат Экмат Байпакбаев мыйзам долбоорунун негиздемесинде Кыргызстан боюнча этти кайра иштеткен 296 ишкана бар деп жазылганына токтолду. Бирок иш жүзүндө болгону 3 гана ишкана стандартка туура келери осол иш экенин айтып, талапка жооп берген ишканаларды көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу