Курс НБ на 19.02.2020 $69,8406 €75,6129

Кыргызстанда эл керектөөчү товарлар бир аз гана кымбаттады

Экономика
11 - Июль 2017
www.erkintoo.kg
461
Кыргызстанда 2017-жылдын биринчи жарымында эл керектөөчү товарлардын баасы 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4%га жогорулады деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев.
Айтымында, тамак-аш продуктыларына жана алкоголдук эмес суусундуктарга баалар – 0,5%, кызмат көрсөтүүлөргө – 0,8, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге – 0,1%га кымбаттаган. Алгачкы 6 айда инфляция деңгээли 2,8%ды түздү. Ал эми эл керектөөчү товарлардын эң чоң кымбаттоосу (5,9%га) Талас облусунда катталды.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.