Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Кыргызстанда 2017-жылдын биринчи кварталында товар экспорттоо 28,5%га өстү

Экономика
01 - Июнь 2017
www.erkintoo.kg
472
Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Абакировдун маалыматына караганда, быйыл биринчи кварталда чет өлкөлөргө товар экспорттоо 433 миллион доллардан ашты. 2016-жылы ушул эле мезгилде 332 миллион долларлык товар экспортко чыгарылган.
Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар негизинен Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Кытайга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Жалпысынан биринчи кварталдагы Кыргызстандын тышкы соода жүргүзүү көлөмү 1,3 миллиард долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 19,2%дык өсүш байкалды.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.