Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетине 696 миӊ 830 доллар төгөт

Экономика
02 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
79
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды. Уюм ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимине ылайык, үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө-мамлекеттер жыл сайын киргизет. Кыргызстандын ШКУ бюджетине төгө турган үлүшү 696 миӊ 830 доллар болот.  Депутаттар  696 миӊ доллар өтө эле көп каражат экенин, Кыргызстан мынчалык каражатты бир дагы уюмга төлөбөй турганын белгилеп, ШКУ түзүмүндө канча кыргыз өкүлү иштерин сурады. Өкмөт өкүлү анда 6 квота белгиленгенин билдирди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу