Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Кыргызстан Кытайдан интернет алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Экономика
05 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
411
Маселе премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуанын Бишкектеги жолугушуусу учурунда талкууланды. 2016-жылы августта Кыргызстандын Байланыш операторлор ассоциациясы казак интернет провайдерлери интернетке болгон бааны кымбаттатканын жарыялаган. Мындан соң “Кыргызтелеком” жаңы тарифтер боюнча келишим түзүп, бир мегабити 13 доллардан 30 долларга чейин кымбаттаган.
Бирок өткөн жумада Башкы прокуратура келишим мыйзамсыз түзүлгөн деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон. Келишим түзүүнүн жыйынтыгында G.К.S.G жана «К.Т.К» компанияларына ашыкча 275 миңден ашуун доллар төлөнүп берилгени маалымдалган.

Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.