Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кыргызстан быйыл электр энергиясын экспорттобойт

Экономика
04 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
107
Бул жылы өлкө электр энергиясын экспорттобой тургандыгын "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Исланбек Сарсейитов билдирди. Анын негизги себеби суу аз мезгилинин башталышы болууда. "Казакстан менен товар алмашуу бар. Башкача айтканда, биз аларга 270 млн. кВт/саат электр энергиясын 5-июндан август айына чейин экспорттойбуз. Алар аны, бизге сентябрдан ноябрь айына чейин кайтарат", - деди ал. Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстанга 700 млн. кВт/саат экспорттогон. Быйыл бул алака токтойт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.