Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 175 млн. долларга 612 долбоорду каржылады

Экономика
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
472
Насыяларды эң көп алган аймак — Бишкек шаары. Каражаттын көпчүлүгү тамак-аш өндүрүү тармагына жумшалат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 20-декабрга карата алынган маалымат боюнча 612 долбоорду 175 миллион долларга каржылаганы тууралуу фонддун сайтында жазылды. Аталган фонд Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан мезгилде өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Анын уставдык капиталы жалпысынан 500 миллион доллардын тегерегинде. Насыялардын 20 пайызы — тамак-аш өндүрүү тармагындагы ишкерлерге, 18 пайызы — транспорт жана логистика жаатына берилди. Үчүнчү орунда (14 пайыз) курулуш сектору турат.  Бүгүнкү күндө долбоорлорду каржылоого 175 миллион доллар сарпталды. Кайсы аймакта насыялар эң көп алынганын айтсак, Бишкек биринчи орунда (170), экинчи орунда Жалал-Абад облусу (105). Эң эле төмөн көрсөткүчтөр Талас менен Нарын облустарында (19 жана 24 гана долбоор) катталган.

Булак: Sputnik Кыргызстан


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.