Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Күйүүчү май кымбаттайт

Экономика
23 - Май 2018
www.erkintoo.kg
244
Мындай маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. Күйүүчү майдын баасы Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөндөн улам кымбаттап жатат. Маалыматка ылайык, май айында баа кескин көтөрүлүп кеткен. «Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Орусиянын мунай базарында баа акырындап көтөрүлүп отуруп, жалпысынан 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кетти» деп айтылат маалыматта. Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 38 сомдон 46 сомго чейин сатылууда.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.