Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Китеп чыгаруу - көзөмөлдөнүшү керек

Экономика
08 - Май 2018
www.erkintoo.kg
418
7-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасында 2014-2020 – жылдар аралыгындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча тармактык комитеттин жумушчу тобунун маалыматы угулду. Мында Мамлекеттик тилде чыгарылган китептердин наркы өтө жогору болгондуктан, аларга атайын экспертиза жүргүзүлсүн деген талап коюлууда. Ал гана эмес, китептерди басып чыгаруунун алдында аларды коомдук талкуудан өткөрүү зарылчылыгы да жаралууда. Ошондо келип түшкөн сын – пикирлерди эске алуудан соң гана китепти басып чыгарууга уруксат берүү керектигин депутаттар билдиришти.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.