Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Кечээ, 5-декабрда Бүткүл дүйнөлүк жер кыртышынын күнү белгиленди

Экономика
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
557
Ал эми 2016-жыл Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк уюму тарабынан Буурчак дандуу өсүмдүктөрдүн эл аралык жылы катары жарыяланган.
Уюм тарабынан бул күнгө карата жарыяланган докладда буурчак дандуу өсүмдүктөр менен жер кыртышынын симбиозу келечекте дүйнө калкын азык-түлүк менен камсыздоого шарт түзөт деп айтылат. Кыртыш ресурстарысыз экосистеманы сактап калуу жана адамзат жашоосун жакшыртуу мүмкүн эмес. Анткени, учурда дүйнөдөгү кыртыш ресурстарынын 33%ы деградацияга дуушар болгон.
ФАОнун башкы директору Жозе Грациану да Силванын айтымында, адамзатты витаминдүү азыктар менен камсыз кылган буурчак дандуу өсүмдуктөр экологиялык туруктуу өсүмдүктөр болуп эсептелет. Ал эми бардык өсүмдүктөр үчүн 95% маанилүү болгон жер кыртышы калыбына кайтарылбас ресурс болуп саналат. Ошондуктан, бурчак дандууларды өстүрүү жер кыртышын байытууда чоң ролду ойнойт, Аларда жылына 10 млрд долларлык синтетикалык жер семирткичтерди алмаштыра турган атайын бактериялар бар. Маселен Индияда көгүчкөн буурчакты өстүрүү кыртыштын эрозиясын 59%га чейин азайткандыгы аныкталган. Буурчак өсүмдүктөрү ошондой эле ачарчылыкка каршы күрөштүн союздашы. Аларда күрүч жана башка дан өсүмдүктөрүнө караганда белоктун катышы жогору,темир, магний, калий, фосфор жана цинк, ошондой эле минералдык заттардын маанилүү булагы болуп саналат. Бул кубаттуу азыктар үй жандыктары үчүн да абдан пайдалуу.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.