Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Көчмөндөр оюндарынын пайдасы менен чыгымы

Экономика
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы сентябрда өткөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарын талкуулашты. Депутаттарды негизинен канча каражат сарпталганы, бул каражаттар канча убакытта өзүн актай турганы жана келерки оюндар кайсы жерде өтөөрү кызыктырды. 
Бул суроолорго маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов жооп берди. 
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзүн актай алдыбы? Көптөрдү дал ушул суроо кызыктырат. Ири иш-чаранын уюштуруучулары оюндар толугу менен өзүн актаганын белгилейт. 
Сарпталган 30 жарым миллион доллардын 27 миллиондон көбүрөөгү республикалык бюджеттин каражаты. Калган үч жарым миллиону демөөрчүлөр берген каражаттар. 25 жылда демөөрчүлөрдөн мынчалык ири сумма бөлүнгөн эмес. 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.