Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Казакстан кара жол менен ташылчу товарларга тыюу салат

Экономика
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
465
Бул тууралуу Казакстан  3-январда эскерткен. Анда коңшу өлкөнүн Айыл чарба министринин орун басары кыргыз расмий органдарына кат жазып, мындан ары ветеринардык көзөмөл талап кылган товарлар Казакстан аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керек деген кат жөнөткөн. Анда казак бийлиги мындай чечимди Бажы биримдиги боюнча келишимдин талабы менен түшүндүргөн.
Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов казак тараптын мындай эскертүүсү күтүүсүз болгонун жашырбайт. Жумакановдун жүйөсүндө, коңшулардын талабы эки өлкө ортосундагы жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы бир катар келишимдерге каршы келет.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.