Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Казакстан интернеттин баасын төмөндөттү

Экономика
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
489
“Кыргызтелеком”   ААК ишканасы интернетин баасын төмөндөтүү боюнча Казакстандык интернет провайдерлер менен сүйлөшүү жүргүздү.  Бул тууралуу ишкананын директорлор кеңеши кабарлады. Аталган кеңештин төрагасы Бекзат  Усенкановдун  маалыматына караганда, интернеттин баасынын 2-3 эсе жогорулашын карап чыгууну,  2016-жылдын июль айындагы наркына түшүрүүнү   Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тапшырган. Белгилүү болгондой  Кыргызтелекомдун мурдагы жетекчиси Эмил Ешеналиевге интернет алуу боюнча мыйзамсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн делип кылмыш иши козголгон. Ал эми Нурлан Мадаминов Кыргызтелекомго жетекчи болуп келгенден кийин, интернеттин  1 Мегабити 13 долларга чейин түштү.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.