Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Казакстан 100 млн доллар каржы бөлүүгө макул болду

Экономика
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
446
Казакстан жакынкы мезгилде Кыргызстанга ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары 100 млн доллар көлөмүндө каржылык көмөк көрсөтөт.
Вице-премьер Олег Панкратовдун маалыматына караганда, бул маселе 26-декабрда макулдашылды. Айтымында, макулдашуу 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп жатканда Орусия 200 млн, Казакстан 100 млн доллар суммасында техникалык жардам көрсөтүүнү убада кылышкан. Орусия сөзүнө туруп бөлүп берген каражатына бир катар орчундуу жумуштар аткарылууда. Ал эми Казакстан белгисиз себептер менен акча бөлүүнү бүгүнкүгө чейин созуп келген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.