Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €76,9922

Каспийдеги Кашаган кени ишке берилди

Экономика
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
467
Казакстандын Атыраусунда Кашаган кенин иштете баштоонун расмий бетачаары болуп өттү. Анткени, Кашаганды иштетүүчү оператор NCOC консорциуму шаршемби күнү кенди коммерциялык иштетүүнү расмий баштады. Ошондуктан, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү эң ири Кашаган кенинин ишке берилиши менен бардык мунайчыларды куттуктады.
“Бул - көп каржыны талап кылган, өзүнүн масштабы боюнча зор долбоор. Эгерде биз бардык инвесторлорду бир жерге топтой албасак жана алар өздөрүнүн технологиясын жана билимдерин ала келбесе, анда биз мындай ийгиликтерге жетише алмак эмеспиз”, - деп билдирди мамлекет башчысы.
Азыркы учурда Кашаганда суткасына 100-120 миң баррел мунай казылып алынууда. Ал эми жыл аягына чейин 1 млн 100 миң тонна мунай казып алуу болжолдонууда.
Кашаган - Каспий деңизиндеги казакстандык сектордогу биринчи деңиз мунайгаз кени жана өлкөдөгү ири эл аралык инвестициялык долбоор болуп саналат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.