Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Каржы уюмдарынын акчаларынын басымдуу бөлүгү өлкөнүн транспорт жана энергетика тармагына жумшалат

Экономика
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
624
Кыргызстан 1992-жылдан бери эл аралык каржы институттары менен донордук өлкөлөрдөн 372 насыялык жана каржылык келишим боюнча 9 млрд 202 млн доллар көлөмүндө жардам алган. Каражаттын 21% үлүшүн энергетикага жумшалат. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев КСДП фракциясында депутаттардын Кыргызстан тарабынан алынган гранттар жана алардын пайдаланышы жөнүндөгү суроолоруна жооп берип жатканда билдирди. Каржы министри ушу тапта энергетикалык ишканалардын насыя боюнча 93 млрд сом карызы бар экенин, анын ичинде 262 млн сом төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздарга кете турганын маалымдады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.