Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Карамай деген аты эле болбосо...

Экономика
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
623
Forbes журналы эң жогорку маяна төлөнүүчү экономика тармактарын атады. Ага ылайык, рейтингдин башында мунайгаз тармагынын топ-менеджерлери турат.
Андан кийинки орундарда оор өнөр жайы, телекоммуникация жана банк сектору, ошондой эле соода, камсыздоо жана транспорттук компаниялар тураары белгилүү болду.
Эл керектөөчү товарларды өндүрүүчү, курулуш, агроөнөржай жана фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери да көп маяна алышат.
Маселен, мунайгаз компанияларынын жетекчилери жылына 2,16 млн, оор өнөр жайыныкы – 1,63 млн, телекоммуникация компанияларыныкы – 1,18 млн, соода түйүнүнун директору – 620 миң, камсыздоо компаниясыныкы – 580 миң, транспорт компаниясынын – 520 миң доллар киреше табат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.