Курс НБ на 19.02.2020 $69,8406 €75,6129

“Карабалта спирт заводу” аукционго коюлду

Экономика
10 - Июль 2017
www.erkintoo.kg
471
Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду мамлекеттик менчиктеги айрым мекемелерди ишке киргизүү максатында аукцион өткөрөт. Мунун негизинде Кара-Балта шаарында жайгашкан мамлекеттик “Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлду. Маалыматка караганда, аталган ишкананын баштапкы баасы 200 млн сом турат.  Аукцион 14-августта саат 14:00 өтөт. Белгилей кетсек, аукцион ачык болуп ага мамлекеттик мекемелерден башка бардык каалоочулар катыша алат. Аукционго катышууну каалагандар тиешелүү документтерин 11-августта саат 16:00гө чейин Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырышы керек.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.