Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Камбарата ГЭСинин 2-агрегатына 110 млн доллар көлөмүндө инвестициялык каражат тартылууда

Экономика
31 - Май 2017
www.erkintoo.kg
456
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү банкынын каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү макулдашууну дароо эле үч окууда жактырды. Белгилей кетсек, Камбарата ГЭС-2 жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВт (120 МВтдан 2 агрегат). Камбарата ГЭС-2де кубаттуулугу120 МВт болгон 1-агрегат 2010-жылы ишке киргизилген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.