Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Иран түркмөн газынан баш тартышы мүмкүн

Экономика
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
566
Акыркы 10 жыл аралыгында Түркмөнстан Ирандын түндүк райондоруна жаратылыш газын берүүнү бир нече ирет токтоткон. Анткени, Ашхабад ирандыктар көгүлтүр отун үчүн 2 млрд доллар карыз болуп калды деп эсептейт.
Ирандын расмий өкүлү эгерде Түркмөнстан ушундай эсептесе, эл аралык сотко кайрылсын деген пикирин билдирүүдө. Ал эми Ирандын улуттук газ компаниясынын директору Хамидеза Араки Тахрани быйыл октябрь айында биз түркмөн газына муктаж эмеспис деп айткан.
Эл ааралык мунай жана газ рыногунда баалардын түшүп жатышынан улам Түркмөнстан экономикалык кризиске дуушар болуп, өлкөдө айлыктар өз убагында берилбей, товарлардын тартыштыгы сезилүүдө, азык-түлүккө баалар өсүүдө. Газ экспорттоо Түркмөнстандын негизги киреше булактарынын бири болуп саналат.
Кошумчаласак, быйыл орусиялык “Газпром” компаниясы да түркмөн газын сатып алуудан баш тарткан. Азыр түркмөн газы Кытай менен Иранга гана сатылууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.