Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Ипотекада баалуу кагаздар чыгарыла баштайт

Экономика
29 - Июнь 2017
www.erkintoo.kg
591
Ушул жумада Экономика министрлигинде Мамлекеттик Ипотекалык Компания, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо, Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматтарынын жана өнөктөш банктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Мында  ипотекалык күрөөлүктү иш жүзүндө колдонуу,  Ипотекалык баалуу кагаздар жана  ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу жаңы мыйзамдардын иштөө жол-жоболору, “Кыргыз Республикасынын Арзан турак жай 2015-2020”  программасынын катышуучуларынын тизмелерин тариздөөгө тиешелүү маселелер каралды.
 МИК төрагасы Бактыбек Шамкеев белгилегендей, МИКтин  ипотека рыногун өнүктүрүү жана калктын  өз турак жайларын сатып алууга  карата мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган иш-аракети  максаттуу жана ырааттуу жүргүзүлүп жатат.  Алдыда турак жайды андан ары сатып алуу менен ижарага алуу, контрактык турак жай аманат, жашоо-турмуш шарттарды жакшыртууну камтыган жаңы механизмдерди жүзөгө ашыруу турат. Күрөө катары ипотекалык баалуу кагаздарды  жана  эконом-класс турак жайларынын курулушун өнүктүрүү иштери өнүгөт. Кыргызстандын фондулук рыногунда ипотекалык  күрөө аталышындагы жаңы баалуу кагаздар иштей баштайт.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.