Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Интернетти Кытайдан алуу талкууланды

Экономика
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
440
29-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кытай Эл Республикасынынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу менен экстремизм жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты. С.Цинхуаны элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Кытай Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин белгилөө менен: "Биз 2013-жылы жетишилген стратегиялык өнөктөш алакасын жакшы баалайбыз. Кыргыз тарап баардык багыттагы байланыштарды арттырууга кызыкдар",- деди.
Мындан сырткары алар КЭРдин элчилигиндеги консулдук бөлүмдүн ишин жаңылоо, кыргыз-кытай фондун түзүү жана интернетти Кытайдан алуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.