Курс НБ на 10.12.2019 $69,8488 €77,3471

Индиядан арзан, сапаттуу дары-дармектер келе баштайт

Экономика
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
453
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда медицина жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу Кыргызстанга  арзан да, сапаттуу да дары-дармектердин түшүшүн шарттайт. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
“Кийинки 20 жыл ичинде фармацевтика тармагы тездик менен өнүгүүдө. Индияда дары-дармектер өндүрүшү жакшы жолго коюлган.  Индия тарап дары-дармектерди чыгаруу боюнча зовод курууга кызыгууда. Биздин пациенттер дарылануу үчүн башка өлкөлөргө, ошонун ичинде Индияга да барышууда. Биз индиялык врачтардын тажрыйбасын алып, биздин пациенттерди өзүбүздө дарылоо аракетин көрөбүз”,-деди Т.Батыралиев.
 
Булак: «Кабар»


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.