Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

ГЭСте кабелдер январда оңдолуп бүтөт

Экономика
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
458
Бул тууралуу "Электрстанциялар" ачык акционердик коомунан билдиришти. Маалымат боюнча Токтогул ГЭСиндеги экинчи агрегаттын иштен чыккан кабелдерин оңдоо иштери 15-январга чейин аяктайт деп божомолдонууда. Эскерте кетсек, ГЭСте кабель линиясы жарактан чыгып, 15-декабрдын түнү бир агрегат токтоп калган. Бирок, маалымат 21-декабрда гана ачыкка чыкты. Былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон болчу. Быйыл 15-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатынын кабелдерин оңдоо үчүн Орусиядан да адистер чакырылды.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.