Курс НБ на 21.11.2019 $69,8500 €77,4357

Ферганада инвестициялык форум өттү

Экономика
08 - Август 2019
www.erkintoo.kg
68
7 - августта  «Fergana International Investment Forum 2019» эл аралык инвестициялык форуму өттү. Ага  54 адамдан турган курамдагы Кыргызстандын Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын делегацияларынын өкүлдөрү менен бирдикте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов катышты. Кыргыз делегациянын курамында  бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар. Алар иш  -чаранын алкагында өнөктөштөрү менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана эки мамлекеттин чек ара аймагында жайгашкан областтарынын экономикасына инвестициялоо маселелерин активдүү талкууланды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.