Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Эртең, 7-декабрда Казакстандын Атырау шаарында Кашаган долбоорунун расмий ачылышы болот

Экономика
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
439
Эске салсак, бул мунай кенинде мунай өндүрүү 28-сентябрда башталган. Долбоор 1-ноябрда мунайды коммерциялык өндүрүү деңгээлине жетип, учурда күнүнө 75 миң баррель мунай “Казтрансойл” жана КТК куур системасына куюлууда. Мындан тышкары “Интергаз Борбор Азия” газ куур системасына товардык газ берилүүдө. Энергетика министри Канат Бозумбаевдин айтымында, жыл соңуна чейин Кашаганда 1,1 млн тоннадан ашык, 2017-жылы 7 млн тоннага чейин мунай өндүрүлөт.
Кашаган Казакстандын чалгындалган эң ири мунай кени – запасы 35 млрд баррель деп аныкталган жана анын 11 млрд баррелин алууга болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.