Курс НБ на 22.04.2018 $68,5875 €84,4655

Эки миң сомдук банкнот “Мыкты” болду

Экономика
27 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
121
Улуттук банк тарабынан чыгарылган 2000 сом Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өткөрүлгөн сынакта жеңүүчү деп аталды.  Бул сынак "2018-жылдын аймактык эң мыкты банкноту" деген аталышта өткөн. Ага Россиянын 2 жүз жана 2 миң рубли, Армениянын 500 драмы, Польшанын 500 злотыйы, ошондой эле Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноту чыгарылган. Банкнотто маданий мурастын жана өлкөнүн өзгөчө белгилеринин чагылдырылышына көңүл бурулган.   Эске салсак, 2 миң сомдук банкнот былтыр ноябрда  эгемендиктин 25 жылдыгына карата  арналып жүгүртүүгө чыккан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу